Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Багдад соту тажикстандык төрт аялды өмүр бою эркинен ажыратты


Өмүр бою соттолду деген аялдар. 29-апрелдеги сот отуруму. Багдад, Ирак.
Өмүр бою соттолду деген аялдар. 29-апрелдеги сот отуруму. Багдад, Ирак.

Багдадда тажикстандык төрт аял өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топко кошулуп кеткени үчүн өмүр бою эркинен ажыратылганы кабарланды. Алардын аты-жөнү, Тажикстандын кайсы аймагынан экени жана Иракка качан барганы белгисиз.

Тажикстандын бийлиги "өмүр бою кесилди" деген төрт тажикстандык аялдын чоо-жайы тууралуу маалымат сурап, Ирактын бийлигине расмий кайрылды. Мурдараак Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ирак менен Сириянын согуш аймактарында миңден ашуун тажик жараны жүргөнүн, алардын ичинен 400 киши аялдар менен балдар экенин билдирген. Айрым балдар ошол өлкөлөрдө төрөлгөн.

“Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы Ирактын көп бөлүгүн, анын ичинде эң ири шаарлардын бири Мосулду басып алган. 2017-жылы декабрда Ирак бийлиги ИМ тобун жеңип, Мосулду террорчулардан бошотконун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG