Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Токмокто убактылуу кармоочу жайдан үч шектүү качып кетти


Качып кеткендерди издөө учуру.
Качып кеткендерди издөө учуру.

Карактоо жана киши өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган үч киши Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, “Сирена” кармоо операциясы жарыяланып, облустук милициянын өздүк курамы издөө иштерин жүргүзүүдө.

Айрым маалымат каражаттары качкан шектүүлөр 17-18 жашта экенин жазып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG