Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

Кыргызстандык окуучу Беларуста өткөн олимпиадада коло медаль алды


Минск шаарында химия боюнча өткөн Менделеев олимпиадасында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин окуучусу Баяман Базарбаев коло медаль тагынды.

Кадамжай "Семетей" лицейинин мүдүрү Мемет Каранын "Азаттыкка" айтканына караганда, Менделеев олимпиадасы Беларустун борбору Минск шаарында 23-28-апрелде өтүп, ага 22 мамлекеттен 135 окуучу катышкан.

Эл аралык сынакка Кыргызстандан сегиз окуучу катышып, алардын ичинен жалгыз Баяман коло медалга татыктуу болду.

Азыр 11- класста окуп жаткан Баяман өткөн жылы химия боюнча Таиландда өткөн эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болгон. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG