Президент Сооронбай Жээнбеков 1-май – эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык майрамында жалпы эмгекчилерди куттуктап, чет өлкөдө иштеп жүргөн миңдеген мигранттарга өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппарат тараткан мамлекет башчынын куттуктоосунда айтылат.
Жээнбеков анда мигранттар Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң иш жасап жатканын белгилеп, аларга мамлекеттин жана жеке өзүнүн атынан алкыш айткан. Президент муну менен катар чет жактагы мекендештердин укугун ар тараптан коргоо, аларга конкреттүү жардам көрсөтүү мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин милдети экенин белгилейт. Сооронбай Жээнбеков айрыкча Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрүндө иштеген эмгек мигранттардын шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги иштер жигердүү улантылаарын кошумчалайт.
Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Алардын 640 миңи Орусияда экени айтылат.
2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине жалпы 2 миллиард 482,2 миллион доллар которгон. Ал эми бул сумма 2015-жылы 1 млрд 168 миллион долларды, 2016-жылы 1 млрд 991 миллион долларды түзгөн. (ErN)