Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:00

Жогорку Кеӊештин фракциялары аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө


Жогорку Кеңеш.

Ушул күндөрү Жогорку Кеӊештин бардык фракцияларынын депутаттары өлкө аймагындагы тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

30-апрелде "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районуну тургундары менен кезиксе, эртең 2-майдан баштап "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Аида Исмаилова Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушат. Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Алмазбек Токторов 3-4-майда Ноокат районунда калк менен учурашса, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева 3-майда Өзгөндө жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууларда жергиликтүү деӊгээлдеги маселелер, аларды жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу чечүүнүн жолдору туурасында пикир алмашуу болот. Ошондой эле тургундар даттанган маселелер кийин Жогорку Кеңештин жыйындарында козголот. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG