Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Арменияда парламент премьер-министрди шайлап жатат


Оппозициялык лидер Никол Пашинян. 1-май, 2018-жыл.
Оппозициялык лидер Никол Пашинян. 1-май, 2018-жыл.

42 жаштагы оппозиция лидери Никол Пашинян - Армениянын Конституциясы боюнча өлкөнүн эң жогорку бийлик кызматына айланган премьер-министрлик орунга жалгыз талапкер.

Еревандын борборуна миңдеген адамдар чыгып, жаңы премьер-министрдин шайланышына көз салууда.

Добуш берүү башталганга чейин Пашинян элди көчөгө чыгып, парламентте жаңы өкмөт башчыны шайлоого көз салууга чакырды. Оппозициялык лидер "башкаруучу партия процессти бурмалап коюушу мүмкүн" деп чочулап турганын билдирди.

Никол Пашинян 13-апрелден бери элди баштап, миңдеген адамдар катышкан көчө жүрүштөрүн уюштуруп келет. Он жылдык президенттиктен дароо премьер-министрлик кызматка өткөн Серж Саргсян толкуган элдин сүрүнөн улам кызматтан кетти. Парламентте 58 депутаты менен көпчүлүктү түзгөн Республикалык партия өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбаганга макул болду. Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 добуш алышы керек.

XS
SM
MD
LG