Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

"Kazakh TV" кыргызча берүүлөрүн көрсөтө баштады (видео)


"Kazakh TV" телеканалынын логотиби.
"Kazakh TV" телеканалынын логотиби.

1-майдан тарта Казакстандын "Kazakh TV" телеканалынын санариптик добуш жолчосуна кыргыз тили да кошулду. Бул тууралуу аталган телеканалдан “Азаттыкка” билдиришти.

Ага ылайык, эми канал спутниктен эфир кетип жаткан убакта мултмедиалык пультта көрсөтүүлөрдүн төрт тилдеги чыгарылышы тең бирдей тизилип турат. Көрүүчүлөр программалардын казакча, орусча, англисче же кыргызча версияларынын каалаганын түз эфир учурунда тандап көрө берет. Ал эми телеканалдын www.kazakh-tv.kz сайтына жана Youtube баракчасына берүү ар бир тилде өзүнчө жарыяланып турат.

Телеканалдан кабарлашкандай, учурда 450дөн ашуун долбоор кыргыз тилине которулуп, үндөрү тиркелген. Бул үчүн каналга кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн журналисттер, дикторлор жана редакторлор жумушка алынган.

“Kazakh TV” - Казакстан Республикасындагы алгачкы спутник желесине кошулган улуттук канал. Аталган канал өлкөдөгү ири медиа холдинг “Хабар агенттигинин” структурасына кирип, 2002-жылдан бери чыгып келет. 2017-жылдан тарта “Kazakh TV” мултимедиялык форматка өткөн. Учурда телеканал “Eutelsat”, “GlobeCast” жана “Rrsat” аттуу ири спутник операторлору менен кызматташып, дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн чагылдырылып келет. Канал негизинен маданият, документалистика жана тарыхый-этнография багытындагы программаларга басым жасайт. (ErN)

Телеканалдын ютуб баракчасындагы кыргызча берүүлөрү:

XS
SM
MD
LG