Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:09

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын тыянагына айрым мүчөлөр кол койгон жок


Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты жана аны модернизациялоого кеткен Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү иликтөөнүн тыянагына кол койгон жок.

Корутундуга депутаттык комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү кол коюп, кээ бири андан баш тартканы 1-майда белгилүү болду. Комиссиянын курамына кирген “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов корутундуга ЖЭБдеги кырдаалга жооптуу жетекчилердин ысымдары ачык жазылбай калганына нааразы болуп кол койбогонун "Азаттыкка" билдирди.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун маалыматына караганда, корутунду толугу менен даяр. Жакынкы күндөрү ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Комиссияга мүчө болгон айрым депутаттар буга чейин ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталгандан тартып, долбоор аягына чыкканга чейин иштеген экс-премьер-министрлердин баарынын, тиешелүү аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек экенин айтып чыгышкан.

Быйыл январда ЖЭБде болгон кырсыкты жана ишкананы модернизациялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген комиссиянын корутундусун жарыялоо мөөнөтү бир айга созулуп кетти.

Буга чейин депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев "буга түз жана кыйыр тиешеси болушу мүмкүн" деп мурдагы өкмөт башчылар Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин жана мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аттарын атаган.

Быйыл кыш чилдеде Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG