Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголду


Ак-Буура суусу.
Ак-Буура суусу.

Ошто Ак-Бууранын тегерегиндеги менчикке жана ижарага берилген жер тилкелери боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта 2017-жылдын декабрь айында Ош шаарынын мэриясы Ак-Буура дарыясынын кайтаруудагы зонасында жайгашкан 1300 чарчы метр жерди менчикке жана 1900 чарчы метрди ижарага берүү тууралуу токтом чыгарганы айтылат. Ошол токтомдун негизинде Ош шаардык мамкаттоо башкармалыгы жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт жана күбөлүк жазып берген.

Оштун прокуратурасы эки мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Жер мыйзамдарын бузуу” беренелеринин негизинде иш козгоду.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, Кыргызстандын Жер кодексинин 92-беренесинде “Суу фондунун жерлери өкмөттүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра толукталуучу булактарын пайдалануу боюнча объектилерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн” деп жазылган.

Кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бирок Ош шаардык башкармалыгынын турак жай жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов мэриянын бүт аракети мыйзамдуу болгонун билдирди. (YI)

XS
SM
MD
LG