Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Абылгазиев: Саясий окуялар Көчмөндөр оюндарына таасир этпеши керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстандын саясий турмушундагы окуялар III Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн сапатына таасирин тийгизбеши керек. Мындай талап бүгүн өкмөттө өткөн жыйында коюлду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Ал ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик бул оюндарды “уюштуруунун эң жогорку деңгээлинде” өткөрүүгө салымын кошуууга тийиш экенин белгиледи.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын бюджетинен 316 млн. сом жумшалаары 17-апрелде парламентте айтылган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алынгандан кийин оюндарды буга чейинкидей эки жылда бир эмес, төрт жыл сайын өткөрүп турса туура болот деген пикирлер айтылган. Ал эми Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар "өкмөт адегенде Балыкчы-Корумду жолун оңдоп бүтүшү керек" дешкен.

Көчмөндөр оюндары алгач 2014-жылы, экинчи жолу 2016-жылы өткөн. Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда болот. (RK)

XS
SM
MD
LG