Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Арменияда каршылык акциялары башталды


Оппозициянын колдоочулары Еревандын көчөлөрүндө. 2-май, 2018-жыл.
Оппозициянын колдоочулары Еревандын көчөлөрүндө. 2-май, 2018-жыл.

2-майда эртең менен жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Кечээ оппозициянын лидери Никол Пашинян парламентте өкмөт башчылыкка өтпөй калган соң элди массалык иш таштоого чакырган.

Коопсуздук күчтөрү "Звартноц" аэропортуна тартылды. Ереванда студенттердин топтору кайрадан көчөлөргө чыгып, алардын айрымдары жатаканаларды кыдырып, жаштарды акцияга кошулууга үндөп жатышат.

1-майда парламентте мыйзам чыгаруучулар Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлаган жок, ага каршы 55 киши каршы, колдоп 45 депутат добуш берди.

Өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде Пашинян аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. "Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба майдандарын, мамлекет жана аймак аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди тосо башташ керек" деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды.

Пашинян азыр Арменияны президент катары 10 жыл башкарып, 17-апрелде кайра премьер-министрликке шайлангандан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсянга жана анын бийликтеги Республикалык партиясына каршы он миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларынын башында туруп жатат.

XS
SM
MD
LG