Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Баскетболчулар үчүн Кытайга виза ачылбай калганынын себеби аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын баскетбол (стритбол) боюнча курама командасы үчүн Кытайга виза берилбей калышынын себеби аныкталды.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазганына караганда, бул боюнча териштирүү жүргүзүлдү.

“Маалыматты тактоо максатында ТИМдин Консулдук кызмат департаменти Кытайдын Бишкектеги консулу менен байланышты. Консул мелдештин уюштуруучулары чакыруу кагазына “чыгымдар үчүн кыргыз тарап жооптуу” деп жазганын, ал эми Баскетбол федерациясынын өкүлдөрү “бардык чыгымдарды уюштуруучулар өзүнө алып жатат” деп айтышканын, өтүнүч ошондуктан канааттандырылбаганын билдирди. Демек, ортодо түшүнбөстүк пайда болгон” дейт Кулукеева.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, Баскетбол федерациясы виза боюнча жардам сурап ТИМге кайрылган эмес.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары баскетболчулар визанын айынан Кытайдын Шэнчжен шаарында 27-апрелден 1-майга чейин өткөн Азия кубогу үчүн мелдештерге катыша албай калганын жазышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG