Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Рак оорулуу балдар үчүн көчмө мектеп иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ыктыярчылардын жана “Жардамдашуу оңой” фондунун көмөгү менен Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө жаткан кенже бейтаптар үчүн көчмө мектеп иштей баштады.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Госпиталдык мектеп” долбоорунун жетекчиси Лейла Келдибекова билдирди.

Азыркы тапта ыктыярчы мугалимдер рак оорулуу балдарга англис тили, математика, музыка, сүрөт жана кол эмгек сабактарын жумасына беш күн окутуп жатышат.

Буга чейин Кыргызстанда ооруканада узак убакыт жаткан балдарга арналган мындай долбоорлор жок болчу.

Расмий маалымат боюнча, учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда 25 миң адам залал шишик оорулары менен каттоодо турат, анын үч миңден ашууну – балдар. (BCh)

XS
SM
MD
LG