Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде аткаминерлер алмашты


"Акылдуу шаар" долбоорунун презентациясы
"Акылдуу шаар" долбоорунун презентациясы

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитенинин төрагасынын орун басарлары Азамат Буржуев жана Медербек Курманбеков кызматтан өз ыктыяры менен арыз жазып кетишти. Медербек Курманбековдун ордуна Эшмамбет Аматов дайындалды. Азамат Буржуевдин кызмат орду азырынча бош.

Бул тууралуу "Азаттыкка" ушул комитеттин маалымат бөлүмүнүн кызматкери Сапар Бахирдинов кабарлады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитенинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген 31 жаштагы Азамат Буржуевди ушул жылдын 9-январында экс-премьер-министр Сапар Исаков дайындаган. Ал "Таза коом" жана "Акылдуу шаар" долбоорлорун ишке ашырууга жооптуу болгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG