Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Медиа уюмдар Жээнбековду сөз эркиндигин коргоого үндөштү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандагы журналисттердин укуктарын коргогон бир нече уюм мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын талдап, жалпыга маалымдоо каражаттарын басмырлоодон коргоого даяр экенин билдирүүгө чакырышты.

Бүгүн “Медиа Полиси Институту", “Интерньюс”, "Журналисттер", "Медиаформат" уюмдары, Медианы өнүктүрүү борбору, Журналисттердин эркин биримдиги, "24.kg", "Кактус.медиа" сайттары президентке кайрылышты.

Алар Сооронбай Жээнбековду “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга карата өз позициясын билдирүүгө үндөштү.

Кайрылууда 2017-жыл мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге жалпы суммасы 60 миллион сомду түзгөн соттук доолору менен эсте калганы эске салынат. Буга жогоруда аталган мыйзам жол бергени, маалымат каражаттары эркин болбосо коррупция менен күрөш ийгиликке жетпеси айтылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго жана 24.kg агенттигине карата ар биринен 5 миллион сомдук материалдык доосунан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG