Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кызылча менен ооругандар жүзгө чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жугуштуу кызылча дартына чалдыккандардын саны 100гө чамалады.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Ооругандардын 68 пайызы бирге чыга элек, эмделбеген балдар.

2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жуктургандар арбып бара жатканын Ишенапысова баса белгиледи.

2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган.

Украинада бул илдеттен соңку бир нече айда сегиз жаран көз жумду, алардын алтоо балдар. (BCh)

XS
SM
MD
LG