Кызыл-Кыяда “мандатымды бербей жатышат” деген талапкер, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Тахмина Алимбекова партиянын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаевге кайрылды.
Бул тууралуу Алимбекова бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, КСДП партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешине талапкерлердин 2016-жылдын 31-октябрында кабыл алынган тизмесиндеги ага чейинки эки аялга да мандат тийбей калган:
- Жер-жерлерде ушундай кырдаал болуп жатат. Биздин тизмедеги үчүнчү жана он экинчи орунда турган аялдарды да чыгарып салышкан. Басмырлоо болуп жатат. Аны ичибизден чечүүгө туура келүүдө. "Бул саясий кеңештин чечими" деп айтып жатышат, бирок алар бул жерде болуп жаткан окуяны билбейт. Ошондуктан мен төрага Атамбаевге электрондук арыз жөнөттүм, себеби байланышуунун башка жолун билбейм.
Алимбекова тизмеде 15-орунда экенин, бирок 20-орундагы талапкер Кубанычбек Ниязов депутат болуп келгени жатканын айтууда. Ал ошондой эле “тизме түзүлүп жатканда партия өкүлдөрү мага актай баракка кол койдуруп алышкан, эми ошол кагазды өздөрү толтуруп, "Алимбекованын мандаттан баш тартууга макулдугу" деп көрсөтүп жатышат” деп билдирди.
Курамында 31 депутат бар Кызыл-Кыя шаардык кеңешине шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Андагы 11 депутат – социал-демократтар. Быйыл 13-мартта алардын бири өз каалоосу менен мандатын тапшырганына байланыштуу Алимбекова аймактык шайлоо комиссиясына “кезегим келди, мандатымды алууга даярмын” деп арыз жазган.
Бул маселе бүгүн аймактык шайлоо комиссиясында каралды. Отурумдун жыйынтыгында протокол кабыл алынып, ага депутаттыкка Кубанычбек Ниязовду көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул чечимге комиссиянын 11 мүчөсүнүн 8и “макул” деп добуш берди.
Кыргызстанда республикалык да, жергиликтүү да кеңештерге талапкерлердин тизмеси шайлоодон кийин өзгөрүп кеткени кийинки убакта көп катталууда.
КСДП партиясы азырынча бул окуяга комментарий бере элек. (RK)