Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралат


Аида Салянова Жогорку Кеңеште. 21-февраль, 2018-жыл.
Аида Салянова Жогорку Кеңеште. 21-февраль, 2018-жыл.

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралат. Жараян бүгүнкүгө белгиленген.

Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган.

"2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат өзүнө карата кылмыш иши "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. (NT)

XS
SM
MD
LG