Жоржия штатынын аба гвардиясынын өкүлү Жефф Безоре билдиргендей, учак 2-майда абага көтөрүлгөндөн кийин магистралга кулап түшкөн. Полиция кырсык маалында жолдо автоунаалар болбогонун билдирди. Алгач кырсыктан эки киши мерт болгону айтылган.
Кийинчерээк бортто беш киши болгонун "РИА Новости" агенттиги АКШнын Улуттук гвардиясына шилтеме берип жазды. Ошондой эле учак Пуэрто-Риконун Улуттук гвардиясына катталганын, Аризона штатындагы Дэвис-Монтан аба базасына баратканда кырсыкка кабылганын да кабарлады.
"Ассошиэйтед Пресс" агенттиги Пуэрто-Риконун бийлигине таянуу менен учакта тогуз киши болгонун маалымдады. Кыйраган "С-130 Hercules" үлгүсүндөгү учактар АКШнын аба күчтөрүндө жана башка мамлекеттерде десанттык аракеттер, аскердик жүк ташуу үчүн колдонулат. Кырсыктын себептери айтыла элек.