Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Президент согуш ардагерлерине берилчү төлөмдү көбөйттү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйттү. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Президенттик фонддон 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Ал акчадан эми Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.

Натыйжада бул айда согуштун майыптарына (ар бирине) берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду түздү. Согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына социалдык төлөм иретинде 47 400, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине 11 200, ооруктун майыптыгы бар эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына 12 100, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сом берилди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр өлкөдө согуштун 475 ардагери бар, анын ичинен 128 – согуштун майыптары, 299 – согуштун катышуучулары, 23 – концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25 – Ленинград блокадачылары. (ErN)

XS
SM
MD
LG