Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Сузакта жер дагы көчүп, сайды тосуп калды (видео)


Жер көчкүнүн бүгүнкү көрүнүшү.
Жер көчкүнүн бүгүнкү көрүнүшү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү кайрадан козголуп, сүрүлүп түшүп, кайрадан Көк-Арт дарыясынын нугун бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда топтолгон суу (болжол менен 1 млн. 200 миң м3) жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жатат.

Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу абалды көзөмөлдөп турат.

29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган. Натыйжада Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу келип чыккан. ​Буга байланыштуу ошол эле күнү Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, эртеси бул режим кайра алынган.

30-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов Сузакта түшкөн жер көчкүдөн кабар алып, маселени чечүүнүн жолдорун кеңешип жатканы айтылган. (ErN)​

XS
SM
MD
LG