Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Жээнбеков: “Түндүк-түштүк” маселесин козгогондорго катуу чара көрүлөт


Президенттин Тоң районунун жашоочулары менен жолугушуусу. 3-май, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен жолугушуусунда Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип, аймак аралык кастыкты козгогондорго кескин чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Ал кийинки кезде “президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгиледи.

“Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, өзүн жалпы Кыргызстан элинин президенти катары милдетин аткарып, журтуна кызмат кылаарын белгиледи.

“Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”, - деди жыйында Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен бүгүн Ысык-Көл облусуна барды. Эки күндүк иш сапар учурунда ал эл менен жолугуп, курулуп жаткан социалдык объектилер менен таанышат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (46)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG