Журналист Эрнис Кыязов “5-каналга” башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фонду кабарлады.
Кыязовду бул кызматка телеканалга ээлик кылган “Жыйырма бешинчи кадр” (“Двадцать пятый кадр”) жабык акционердик коому шайлаган.
Кыязов буга чейин “Кыргыз Руху” гезитинде, КООРТ ТВда, НТС телеканалында жана Жогорку Кеңештин аппаратынын маалымат бөлүмүндө жооптуу кызматтарда иштеген. КТРКда директордун орун басары, ЭлТР каналында башкы продюсер, ОшТВ телеканалында директор болуп эмгектенген.
Автордук “Багыт” программасы менен таанымал. Кийинки убакта өзү негиздеген сайтта диний маалыматтарды таратуу менен алектенчү. (ErN)