Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

4-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;

Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус болот.

XS
SM
MD
LG