Үч жумадан берки нааразылык кыймылынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян тыныгууну кечээ бийликтеги Республикалык партия премьер-министрликке анын талапкерлигин колдой турганын ишара кылгандан кийин жарыялады.
Парламенттин премьер-министрди шайлоо боюнча кийинки жыйыни 8-майга белгиленди. Армениянын Конституциясы боюнча эгер премьер -министр бул жолу да шайланбаса, анда парламент тарап, мөөнөтсүз шайлоо өтүшү керек.
Буга чейин 1-майдагы шайлоодо премьер-министрликке Никол Пашиняндын гана талапкерлиги көргөзүлүп, бирок ал колдоо тапкан эмес.
105 орундуу армян парламентинде 58 мандаты менен көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиянын фракция башчысы Ваграм Багдасарияндын 2-майда айткандарына караганда, алар бул жолу да өз адамын чыгарбайт жана парламенттин “кеминде үчтөн бири көргөзгөн талапкерди” колдойт.
Пашинянга премьерликке шайланыш үчүн оппозициядагы бардык фракциялардын жана Республикалык партиянын кеминде алты депутатынын колдоосуна ээ болуу зарыл.
Ал жетектеген нааразылык жүрүштөрү Ереванда 13-апрелде башталып, натыйжада премьер-министрдин ордуна кайтып келген мурдагы президент Серж Саргсян кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Пашинян жана анын жактоочулары Республикалык партиядан бийликти “элдин талапкерине” өткөрүп берүүнү талап кылып келет. (UE)