Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдон Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.
Өз кайрылуусунда Оторбаев мамлекет башчыны Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышына зор салымын кошкон, "легендарлуу парламенттин" депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишине көңүл бурууга чакырды.
Акыйкатчы Текебаев өмүрүн авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап, далай тайгак кечүү, тар жолдон Жээнбековдор менен бирге өткөнүн белгилеп, Кыргызстандын демократиялык ордун табууга эмгек-мээнети эбегейсиз экенине басым жасады. Кайрылууда “ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында баш кесер кылмышкердей темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатканы акыйкатсыздык” катары бааланды.
Акыйкатчы ошондой эле тергөөдө жана сотто Текебаевге коюлган айып так далилденбегенин, ошондон улам бул иш эл арасында “саясий буюртма”, “саясий оппонентти куугунтуктоо” катары сыпатталып жатканын айтат.
Оторбаев ошондой эле Текебаевдин өмүрү жана коопсуздугу коркунучта турганын, айрым күчтөрдүн кол салуусу болуп кетиши ыктымал экенин да жокко чыгарбайт.
Ушул жана башка жагдайларды эске алып Оторбаев президенттен Текебаевди абактан бошотуусун өтүндү.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (ErN)