Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

УКМК Бишкектин жетекчилигин опузалаган экстремисттик видеону иликтей баштады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын жетекчилигин коркуткан экстремисттик видео кайрылууну иликтей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда таралып жаткан “Ультиматум властям Бишкека” аттуу видео ролик боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда бул видеону даярдоого жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле белгилей кетчү жагдай - бул видеодо айтылган Мукарам Токтогулова аттуу жаран укук коргоо органдарынын, анын ичинде УКМКнын көзөмөлүнө жана байкоосуна түшкөн эмес. Анын кайсы бир укуктарынын чектелиши боюнча да маселе көтөрүлгөн эмес. Учурда Мукарам Токтогулова чет өлкөдө иш сапары менен жүргөнү аныкталды. Андыктан бул видео роликтеги белгисиз адамдардын “Токтогулованын Бишкектен чыгышына тоскоолдук болуп жатат” деген талаптары негизсиз деп эсептейбиз, - деди Рахат Сулайманов.

Буга чейин Интернетте өздөрүн “Ислам мамлекети” террордук уюмунун өкүлдөрү катары көрсөткөн адамдар видео таратып, Бишкекте террордук актыларды уюштурарын айтышкан. Алар ошондой эле “Мукарам Токтогулова аттуу жаранды Бишкек шаарынан чыгарышпаса Кыргызстанда кан төгүүгө бараарын" эскертишкен.

Мурдараак Бишкектин көчөлөрүндө дубалдарга, мамычаларга Борбор Азиядагы Америка университетинин (орусчасы “АУЦА”) окутуучусу экени айтылган Мукарам Токтогулованы "“Ата жолу” деп аталган диний агымга үгүттөйт" деп айыптаган баракчалар жабыштырылган болчу. Социалдык тармактарда да бул боюнча талаш-тартыштар болгон. Токтогулова өзү маалымат каражаттарына комментарий берип, дооматтарды төгүндөгөн. Ал “эч кандай уюмда мүчө эмес экенин, эч кимдин пайдасына үгүт жүргүзбөй турганын” билдирген эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG