Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

БУУнун баш катчысы Иран келишимин сактоого чакырды


БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. Лондон, 2-май, 2018-жыл.
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. Лондон, 2-май, 2018-жыл.

Антонио Гутеррештин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди алмаштыргыдай турмушка жарамдуу альтернатива болмоюнча аны бузбаш керек.

- Эгер бир күнү аны алмаштыргыдай жакшы макулдашуу түзүлсө го мейли. Бирок жакшы альтернатива болмоюнча биз андан баш тартпашыбыз керек. Мен Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планы (2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимдин расмий аты) маанилүү дипломатиялык жеңиш болгон деп эсептейм жана аны сактоо абдан маанилүү. Бирок өтө маңыздуу диалог жүргүзүүнү талап кылган чөйрөлөр да бар, анткени аймак өтө опураталдуу позицияда экенин көрүп турам, - деди Гутерреш "BBC 4" радиосу менен болгон маегинде.

Ал "аймак" дегенде Жакынкы Чыгышты эске алды жана бул сөздөрдү АКШ 2015-жылдагы келишим боюнча чечим кабыл алар алдында айтты.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу да зарыл. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет.

Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Ошондон улам Трамп келишимге катышкан Франциядан, Британиядан жана Германиядан өзү айткандай документтин “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган.

Ал бул талабы аткарылбаса, келишимден чыгаарын да эскерткен. Эгер келишимден АКШ чыкса, андан кетерин Иран да эскертүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG