Ош шаарынын Фурманов көчөсүндө өрттөн жабыркаган төрт турак үйдүн ээлерине жардам берүү боюнча штаб түзүлдү.
Штабдын башчысы Мадамин Юсупов “Азаттыкка” билдиргендей, жергиликтүү тургундар жардам иретинде акча чогултууда.
Ош шаарынын мэриясы өрттөн жабыркаган үйдүн ар бирине 30 миң сомдон берилерин айткан.
Учурда калдыктарды тазалаш үчүн жергиликтүү тургундар ашар уюштуруп жатышат. Аларга “Ош тазалык” ишканасы да техника жактан көмөк көрсөтөрүн билдирген.
Өрт 30-апрелде саат 13:39да Фурманов көчөсүндөгү №69 үйдөн чыккан. Тилсиз жоону басууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш бөлүмү тартылган. (MdN)