Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:03

АКШда саясий башпаанек сураган орусиялыктар көбөйдү


АКШнын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүгүндө виза кезегин күткөн орусиялыктар. 3-апрель, 2018-жыл.

2017-жылы АКШдан башпаанек сураган орусиялык жарандардын саны акыркы 24 жылдагы рекорддук деңгээлге чыккан. Ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 40% көбөйгөн.

Кошмо Штаттарда 2017-жылдын 30-сентябрында аяктаган каржы жылында орусиялыктардан башпаанек берүү өтүнүчү менен 2664 арыз түшкөн.

Буга чейин АКШнын Жарандык жана иммиграция боюнча кызматына (USCIS) орусиялыктардан эң көп арыз түшкөн учур 1994-жылы катталган. Анда 2112 орусиялык башпаана берүүнү суранган.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын статистикасы адамдар эмне үчүн башпаанек сурап жатканын көргөзбөйт.

Бирок аны алыш үчүн тигил же бул жаран өз өлкөсүндө «расалык, диний, улуттук белгиси, кайсыл бир саясий топко же саясий көз карашка тиешеси болгону үчүн куугунтукталганы же куугунтук коркунучуна кабылганы» тууралуу далилдерди көргөзүшү керек.

Укук коргоочулар менен иммиграциялык адвокаттар АКШдан башпаанек сураган орусиялыктардын көбөйүшүн бир жагынан жыныстык азчылыктарга байланышкан мыйзамдан да көрүшөт. Андай документ Орусияда 2013-жылы кабыл алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG