Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Никол Пашинян премьерликке кайрадан расмий көрсөтүлдү


Никол Пашинян Еревандын Республика аянтындагы митингде. 2-май, 2018-жыл.
Никол Пашинян Еревандын Республика аянтындагы митингде. 2-май, 2018-жыл.

Пашиняндын талапкерлиги бүгүн парламенттеги үч фракциянын 41 депутатынын атынан сунушталды. Бул тууралуу Пашинян лидерлик кылган "Елк" фракциясы билдирди.

1-майдагы шайлоодо Никол Пашиянан премьерликке жалгыз талапкер болуп, бирок сегиз добуш жетпегендиктен өтпөй калган.

Парламенттин премьер-министрди шайлоо боюнча кийинки жыйыны 8-майга белгиленди. Армениянын Конституциясы боюнча эгер премьер-министр бул ирет да шайланбаса, анда парламент тарап, мөөнөтсүз шайлоо өтүшү керек.

Ереванда бүгүн өкмөткө каршы демонстрацияларда бери дегенде бир күндүк тыныгуу жарыяланды. Үч аптадан берки нааразылык кыймылдын лидери Никол Пашинян тыныгууну кечээ бийликтеги Республикалык партия премьер-министрликке анын талапкерлигин колдой турганын ишара кылгандан кийин жарыялады.

105 орундуу армян парламентинде 58 мандаты менен көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиянын фракция башчысы Ваграм Багдасарияндын 2-майда айткандарына караганда, алар бул жолу да өз адамын чыгарбайт жана премьерликке парламенттин үчтөн бири көргөзгөн талапкерди колдойт.

Пашинянга премьерликке шайланыш үчүн оппозициядагы бардык фракциялардын жана Республикалык партиянын кеминде алты депутатынын колдоосуна ээ болуу зарыл. Ал жетектеген нааразылык жүрүштөрү Ереванда 13-апрелде башталып, натыйжада премьер-министрдин ордуна кайтып келген мурдагы президент Серж Саргсян кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Пашинян жана анын жактоочулары Республикалык партиядан бийликти “элдин талапкерине” өткөрүп берүүнү талап кылып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG