Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Мирзиёев иш сапары менен АКШга барары күтүлүүдө


Президент Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда жолуккан.
Президент Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда жолуккан.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-майда министр Абдулазиз Камилов АКШнын Ташкенттеги элчиси Памела Спартленди кабыл алды.

“Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар өзбек-америкалык алака-катышты өнүктүрүүнүн практикалык маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, бейрасмий маалыматтар боюнча 3-майдагы жолугушууга өзбек парламентинин жогорку палатасы - Сенаттын комитет төрагасы Садык Сафаев жана Өзбекстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Владимир Норов да катышкан. Мурда Садык Сафаев да, Владимир Норов да тышкы иштер министрлери болгон. Сафаев АКШнын Өзбекстандагы элчиси кызматында да иштеген.

Азырынча тактала элек маалыматтар боюнча Шавкат Мирзиёев президент Дональд Трамптын чакыруусу менен 15-16-майда АКШга расмий сапар жасаганы жатат.

Өзбекстандык жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн 3-майда АКШнын элчиси менен жолугушуусунда ушул иш сапарды даярдоо маселелери талкууланган.

АКШнын Ташкенттеги элчилиги да, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да азырынча Шавкат Мирзиёевдин АКШга визитинин так күнүн жарыялаша элек. (UE)

XS
SM
MD
LG