Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 19:33

HRW чеченстандык укук коргоочуну бошотуу үчүн ФИФАны жардамга чакырды


Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун 3-майдагы билдирүүсүнө караганда, футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиевдин абактан эч шартсыз бошотулуусу үчүн Кремлге “таасирин” колдонушу керек.

“Хьюман Райтс Уочт” бул тууралуу Орусияда 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталаар алдында айтып чыкты.

Уюмдун маалыматына караганда, алар ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного жолдогон катында аны Титиевди бошотууну орус президенти Владимир Путиндин жеке өзүнөн өтүнүүгө чакырды.

“Хьюман Райтс Уочтун” бул билдирүүсүнүн алдында, 2-майда Эл аралык Мунапыс уюму да Орусиянын бийликтерин Титиевди “тез жана эч шартсыз бошотууга” үндөгөн.

Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму – “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды деп ырастаган.

“Мемориал” укук коргоо уюму да Титиевге каршы “кылмыш иши жасалма жана бул бийликтердин анын укук коргоо ишмердиги үчүн өч алуусу экендигин” белгилеген. Батыш өкмөттөрү менен укук коргоо уюмдары да Титиевдин камакка алынышын айыптап, аны бошотууга буга чейин эле чакырышкан.

Чеченстандын бийликтери болсо укук коргоочунун камакка алынуусунда саясий жүйө бар экенин четке кагып келет.

“Мемориал” уюмунун Чеченстандагы мурдагы башчысы Наталья Эстемирова 2009-жылы Грозныйдан уурдалып, киши колдуу болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG