Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

ЮНИСЕФ кылмышка айыпталган балдар тууралуу маалымат таратпоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстанда кылмышка шектүү экени кабарланып жаткан өспүрүмдөрдүн жеке маалыматтары жарыяланып жатканына тынчсызданганын билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, "кылмыш кылды" деп айыпталган балдардын сүрөттөрү, аты-жөнү ачык жарыяланып жатканы туура эмес.

ЮНИСЕФ маалымат булактарындагы ачык кабарлар балдардын психологиясына зыян тийгизиши мүмкүн, өмүр бою кордоо же басмырлоо өңдүү терс кесепеттерге алып келиши ыктымал деп эсептейт. Уюм бийликти жана маалымат каражаттарын БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясын бузбастан, "кылмыш кылды" деп шек саналган, айыпталган балдар тууралуу маалыматтардын купуялыгын сактоого чакырууда.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен "алты жашар наристени зордуктаган" деген айып менен абакка кесилген Ысык-Көлдөгү мектеп окуучулары тууралуу кабарлар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG