Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

КСДП: Түлеев Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураган


КСДП тараткан билдирүүгө ушул сүрөт тиркелди.
КСДП тараткан билдирүүгө ушул сүрөт тиркелди.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын айтып чыкты.

Партия өкүлдөрү бүгүн тараткан маалыматта “Атамбаев Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес. Түлеев бир нече жолу кечирим сураган” деп айтылат.

3-майда Интернетте Нарын облусунда жашаган пенсионер Салыбек Чолуевдин видеосу тараган. Анда ал “Атамбаев "Түлеев кечирим сураса абактан чыгарам" деп убада бергенин, бирок Түлеев күнөөсү жоктугун айтып, кечирим суроодон баш тартып койгонун” билдирген.

Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Түлеев өзү КСДПнын бүгүнкү билдирүүсүнө комментарий бере элек.(RK)

XS
SM
MD
LG