Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

"Манас" аэропорту жүргүнчүлөргө концерт тартуулады


"Манас" аэропорту. 4-май, 2018-жыл.
"Манас" аэропорту. 4-май, 2018-жыл.

“Манас” аэропорту бүгүн жүргүнчүлөргө концерт тартуулады. Классикалык чыгармалар аткарылган чакан концерттик программа эл аралык аэропорттун 43 жылдыгына карата уюштурулганын ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик филармониялык камералык оркестр жүргүнчүлөрдүн алдында бир нече чыгармасын аткарып берди.

Аэропорттун жетекчилиги бул флешмобду ишкананын туулган күнүндө жүргүнчүлөргө жагымдуу маанай тартуулоо ниетинде уюштурганын билдирди.

Мамлекеттик филармониялык камералык оркестр 2017-жылы негизделген. (RK)

XS
SM
MD
LG