Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Ошто адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды


Ош шаары. Сулайман-Тоо тараптан көрүнүш.
Ош шаары. Сулайман-Тоо тараптан көрүнүш.

Ош шаарында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына тиешеси бар айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя 4-майга караган түнү шаардын Масалиев проспектисинде катталган. "Ниссан-Примера" үлгүсүндөгү автоунаа жолдогу жүргүнчүнү сүзүп, жабырлануучу 36 метрге чейин учуп түшкөн. Айдоочу кырсык болгон жерге токтобой качып кеткен. Андан кийин дагы бир "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү автоунаа жерде жаткан адамды тебелеп кеткен.

Кырсыктан көп узабай жүргүнчүнү биринчи сүзүп кеткен "Ниссан-Примера" автомашинасы ошол эле көчөдө токтоп турган жеринен табылган. Эки саат өтпөй анын айдоочусу да колго түшкөн. Шектүү Ош шаарынын тургуну Т.Т. болуп чыкты. Ал автоунааны алганына бир жума болгонун, окуя болгон жерден ур-токмоктон корккону үчүн качып кеткенин айткан. Айдоочу учурда убактылуу жайга киргизилди.

Ал эми экинчи автоунаанын айдоочусу изделүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG