Кыргызстан Орусия менен ЕАЭБге артыкчылык берет. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтты.
Президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков “Алгачкы сапарымды Орусиядан баштадым. Орусия жана ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат” деп айтканын кабарлады.
“Мамлекет башчы коңшулар менен мамилени бекемдөө максатында Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жасаган сапарлары, Түркияга жана Европа союзунун институттарына жасаган чет элдик сапарлары, жакын арада болжолдонуп жаткан Кытайга сапары туурасында айтып берди” деп айтылат маалыматта.
Президент Жээнбеков эки күндөн бери Ысык-Көл облусун кыдырууда. (RK)