Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Адвокат: Текебаев күнөөсүз, ошондуктан ырайым сурабайт


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга алган эмес жана ырайым сурап кайрылган жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов билдирди.

“Биз кечирим суроого негиз жок. Себеби биз эч айыптуу эмеспиз” дейт жактоочу.

“Ата Мекен” партиясынын негиздөөөчүсү жана лидери Өмүрбек Текебаев "орус жаранынан ири суммада пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында кармалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Муну ал өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук катары баалап келет.

Кечээ акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

Президенттик аппараттын ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиясы акыйкатчыдан расмий түрдө арыз келип түшө электигин билдирди.

Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү мыйзамда "Ырайым кылуу белгилүү бир жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат" деп жазылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG