Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:30

Чехияда «Новичок» уу заттарынынын курамына кирген, нервди шал кылуучу А-230 газы изилдөө үчүн аз өлчөмдө өндүрүлгөн. Бул тууралуу чех президенти Милош Земан "Barrandov" телеканалы менен болгон маегинде айтты.

Ал белгилегендей, эксперимент Коргоо министрлигинин Брнодогу изилдөө институтунда 2017-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн. Земан бул маалыматты Коопсуздук жана маалымат кызматынын баяндамасына таянып айтып жатканын жана өндүрүлгөн зат сыноодон кийин жок кылынганын кошумчалады.

«Менин жыйынтыгым мындай: бизде аз санда болсо да «Новичок» өндүрүлгөн жана сыноодон өткөрүлгөн, кийин ал жок кылынган. Биз кайда экенин, качан экенин билебиз. Ошондуктан эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнүбүз эки жүздүүлүк кылгандай болот” деди Чехиянын президенти.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова “Новичок” өндүрүлгөн болжолдуу өлкөлөр катары Улуу Британияны, Словакияны, Чехияны жана Швецияны атап өткөн. Чехиянын коргоо министри Карла Шлехтова анын өлкөсү ууландыруучу затты өндүрүүгө тиешеси жок экенин айтып, мындай мазмундагы билдирүүлөрдү "абсурд" деп баалаган. 26-мартта Милош Земан чалгын кызматына Чехияда бул сыяктуу заттардын өндүрүлгөн-өндүрүлбөгөнүн текшерүүнү тапшырган.

Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон алар советтик окумуштуулар өндүргөн, нервди шал кылуучу “Новичок” заты менен ууландырылган деген жыйынтыкка келген. Британия уу Орусияда өндүрүлгөн деп эсептейт. Расмий Москва болсо андай маалыматтарды четке каккан. Бул окуя Орусия менен Батыштын ортосундагы алаканы сууткан.

Британия, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү 150дөн ашык орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарган. Орусия да ушундай эле кадамга барган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG