Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадага катышып, коло медаль утуп алды.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, акыл таймашы Беларустун борбору Минск шаарында өттү.
Олимпиадага 22 мамлекеттен окуучулар катышты.Кыргызстандан сегиз окуучудан турган команда барган.
Жыйынтыгында Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин 11-классынын окуучусу Баяман Базарбаев коло медаль тагынып, команданын калган мүчөлөрү катышуучу сертификатына ээ болушту. (RK)