Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Мыйзамсыз дайындалган кызматкер иштен алынды


Шарк айылындагы көчөлөрдүн бири.
Шарк айылындагы көчөлөрдүн бири.

Ошто “кызматка мыйзамсыз дайындалганы аныкталды” деген адам иш бөлмөсүн бошотуп бере элек.

Кара-Суу райондук прокурорунун орун басары Саркарбек Эшмановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, пландуу текшерүү учурунда Шарк айыл өкмөт башчысынын орун басары бул кызматка мыйзам бузуу менен дайындалганы аныкталды.

“Айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Тезекбаев Эмгек кодексин жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузуу менен Кайнар Уразбековду өзүнө орун басар кылып дайындаган. Прокуратура Тезекбаевге эскертүү берип, орун басарды дайындоону мыйзамга шайкеш келтирүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында Тезекбаев өзүнүн №22, №52 жана №53 буйруктарын жокко чыгарып, орун басарын жер адис кылып дайындаганын ырастады” деп билдирди Эшманов.

Бирок Уразбеков айыл өкмөт башчысынын орун басарынын иш бөлмөсүн бошото электиги айтылды. (YI)

XS
SM
MD
LG