Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Армениянын башкаруучу партиясы оппозицияга өтөт


Армен Ашотян
Армен Ашотян

Республикалык партиянын төрага орун басары Армен Ашотян алар өкмөт башчылыкка талапкер болуп жаткан оппозициячы депутат Никол Пашинянды колдоп добуш беришерин, бирок парламентте көпчүлүктү түзгөнү менен өздөрүн мындан кийин оппозиция деп эсептерин бүгүн журналисттерге билдирди.

- Биз өзүбүздү оппозиция деп эсептейбиз. Жеке мен өкмөттөгү жаңы саясий күчтөр менен кандайдыр бир кызматташтык тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Биз бул өкмөттүн бир бөлүгү боло албайбыз. Ар бир демократияда күчтүү оппозиция болот. Республикалык партия Пашинян мырзанын көп жылдык бул "тилегин" орундатат. Арменияда күчтүү туруктуу оппозиция болот, - деди Республикалык партиянын төрага орун басары Армен Ашотян.

105 орундуу армян парламентинде Республикалык партия 58 мандаты менен көпчүлүктү түзөт.

Армян оппозициясынын лидери, өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинянга премьерликке шайланыш үчүн азыркы оппозициядагы бардык фракциялардын жана Республикалык партиянын кеминде алты депутатынын колдоосуна ээ болуу зарыл.

Пашиняндын талапкерлиги кечээ парламенттеги үч фракциянын 41 депутатынын атынан премьер-министрликке экинчи ирет расмий көрсөтүлгөн.

Парламенттин премьер-министрди шайлоо боюнча кийинки жыйыны 8-майга белгиленген.

Пашинян жетектеген нааразылык жүрүштөрү Ереванда 13-апрелде башталып, натыйжада премьер-министрдин ордуна кайтып келген мурдагы президент Серж Саргсян 23-апрелде кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG