Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 25 жыл толду. Конституция күнүнө карата өлкөнүн борбор шаарында жана аймактарда ар кандай масштабдагы иш-чаралар өтөт.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча соңку референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.
5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат. (ErN)