Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

"Азия кубогу-2019": Кыргызстандын атаандаштары аныкталды


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы

Футбол боюнча 2019-жылдагы Азия кубогунун тайпалык тандоо оюндарындагы Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду.

4-майда Дубайда өткөн чүчүкулакта континенталдык биринчиликтин финалдык стадиясы үчүн Кыргызстан "С" тайпасына түштү. Ага Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин өлкөлөрү да бөлүндү.

ФИФАнын соңку рейтингинде Кыргызстан 75-орунда, Түштүк Корея 61-орунда, Кытай 73-орунда, ал эми Филиппин 113-орунда турат. 2015-жылдагы Азия кубогунда корей командасы күмүш байгеге ээ болгон эле.

2019-жылы боло турган Азия кубогунун 3-раундундагы тандоо оюндарында Кыргызстан жалпысынан алты беттеш өткөрдү. Курама команда 22-мартта Мьянма курама командасын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына жолдомо алган. Кийин 27-мартта Бишкекте Индия курамасы менен ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстан Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноо укугуна биринчи жолу ээ болду.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG