Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Лейлекте сел жүрүп, чарба иштерине зыян келтирди


Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чарбак-Сай тилкесинде сел жүрүп 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун, 500 метр арыктын айрым жерлерин каптап кетти. Сел ошондой эле жергиликтүү тургунга таандык эки уйду агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ушул эле райондун Патан-Сай тилкесинде да сел жүрүп, 1,5 чакырым ички жолдун айрым жерлерин каптаган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик жолдорду калыбына келтирүүгө аракет жасап жатышат.

Кечээ Кара-Суу районунда жана Кара-Кол шаарында да каналдардан суу ашып, ондон ашуун үйлөрдүн короолорун каптаган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG