Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Жээнбеков: Конституциялык укуктарды коргоо - мамлекеттин милдети


Президент Сооронбай Жээнбеков
Президент Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 5-май - Баш мыйзам күнү менен куттуктап, "жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болооруна" ишендирди.

Мамлекет башчы “Кыргызстандын Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги” экенин белгиледи:

“Мындан чейрек кылым мурда, 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Кыргызстан – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот”,-деп айтылат Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча соңку референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG