Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Трамп курал алып жүрүү укугун коргой турганын билдирди


Дональд Трамп Улуттук мергенчилер ассоциациясынын форумунда.
Дональд Трамп Улуттук мергенчилер ассоциациясынын форумунда.

АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Даллас шаарында Улуттук мергенчилер ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү форумунун катышуучуларынын алдында сүйлөдү. Трамп тарапкерлерин ушул жылдын ноябрь айында өтүүчү АКШ конгрессине орто аралыктагы шайлоого кайдыгер болбоого чакырып, республикачылар анда утуп чыгышы керектигине токтолду.

Дональд Трамп "курал алып жүрүүгө уруксат берген Конституциядагы укук коркунучта турганын” билдирди. “Силердин укугуңарга азыр кол салып жатышат, бирок мен президент болуп турганда ал укугуңарды эч ким тартып албайт”,-деди ал.

Ушул жылдын февраль айында Флориданын Паркленд шаарындагы мектепте ок атылып, 17 бала каза болгондон кийин АКШда курал алып жүрүүнү татаалдаштыруу боюнча коомдук пикир курчуган. Мындан кийин Улуттук мергенчилер ассоциациясы АКШнын Баш мыйзамында курал алып жүрүүгө укукту камсыздаган өзгөртүүлөрдү коргоп, митингге да чыккан эле.

Соңку жылдары АКШнын президенттери аталган ассоциациянын тарапкерлеринин алдында коомдук билдирүү жасоодон карманып келишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG