Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:44

Орусияда Навальныйдын тарапкерлери митингге чыкты


Москвадагы акциялар

Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу оппозициячы Алексей Навальный жарыялаган “Ал бизге падыша эмес” деген акциянын катышуучулары бүгүн да митингге чыгышты. Хабаровск, Владивосток, Түштүк Сахалин, Иркутск шаарларында акциялар аяктаса, башка бир нече шаарда ушул тапта да митингдер уланууда. Айрым шаарларда митингге ондогон катышуучулар чыкса, айрымдарына жүздөгөн адамдар катышты.

Барнаулда 15 чакты активист кармалса, Красноярскиде Навальныйдын аймактагы штаб жетекчиси Яна Герасимованы полиция алып кетти. Мындан башка да шаарларда митингди уюштурган активисттер жана катышуучулар кармалып жатканын “Азаттыктын” орус кызматы кабарлады.

Кечээ башталган бул акциялар учурунда да ондогон активисттер кармалып, полиция бекетине жеткирилген. Екатеринбургдагы Навальныйдын штабына полиция кызматкерлери келип, тинтүү жүргүзгөн жана акцияга даярдалган баракчаларды экспертизага алып кеткен.

Оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG