Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Нарында ГЭСке жерин бергендер митингге чыгышты


Нарындагы митингчилер.
Нарындагы митингчилер.

Нарын районунун Кайыңды айылынын жыйырмадай тургуну бийликке нааразычылыгын билдирип, райондук администрациянын алдына чогулушту.

Алар үлүш жерлерин Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу үчүн берип, эки жылдан бери мамлекеттик фонддун жерин ижарага алып иштетип жүрүшкөнүн айтышууда. Эми быйыл ал жерге эгин айдап, учурда өнүп калганына карабай айыл өкмөт жерди кайтарып алуунун аракетин көрүп жатат деп даттанышууда.

Чогулгандардын билдиришинче, Нарын районунун Кайыңды айылындагы мамлекеттик фондго тийиштүү 20 гектар жер 2017-жылы отуз үй-бүлөгө беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. Убагында аукцион да өткөн. Нааразылыкка чыккандар кабарлагандай, талаш жаратып жаткан жерди 13 үй-бүлөгө үлүшкө бөлүп берүү үчүн кезинде өкмөттүн токтому да чыккан.

Ал эми Кайыңды айылы карамагына кирген Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Сеңирбаев 2009-жылы мамлекеттин үлүш жерин албай калган кишилерге жер аянттарын бөлүп берүү боюнча өкмөттүн токтомунун негизинде ижарага берилген жерлер азыр кайтарылып жатканын билдирди.

Бул айылда Жогорку Нарын каскады курулат деп элдин үлүш жерлери ГЭСтин карамагына өткөндөн бери жергиликтүүлөр маал-маалы менен нааразычылыктарын билдирип келишет. Алар же эл иштетпей, же ГЭС курулуп пайдасын көрбөй, жер пайдаланылбай жатат деп ырасташат.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча жалпы жер аймагынын 365 гектары үлүшкɵ берилген жерлердин катарына кирет. (MiK\ErN)

XS
SM
MD
LG